• Тарых


  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейи- Борбордук Азиядагы эӊ ири музейлердин бири.Музейде кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон баа жеткис тарыхый жана маданий ыйык байыркы күндөн азыркы күнгө чейинки эстеликтер аздектелип сакталып турат. Музей 1925-жылы 9-декабрда Кара-Кыргыз Автономду облусунун Аткаруу комитетинин Президиумунун чечими менен негизделген.

    Музейдин негизделишин алгачкы музейдин директору окумуштуу-этнограф С.М.Абрамзондун чогулткан ,кыргыз элинин тарыхына, этнографиясына таандык табылгалары түзөт .Өзүнүн алгачкы көрүүчүлөрүн 1927-жылы 5 мартта М.В.Фрунзе тулуп өскөн үйдүн бир бөлмөсүндө кабыл алган.Музейдин кийинки өнүгүшүн белгилүү таарыхчы К.У. Усенбаев уланткан.Ал эми археологиялык, этнографиялык жана табият таану коллекцияларын комплектештирүүгө ( жыйнап топтоого) атактуу тарыхчылар А.Н.Бернштам, С.К.Керимбаев, К.И.Антипина, В.Я.Галицский жана башкалар чон салымын кошушкан.

Музей өзүнүн өсүп-өнүгүү

Музей  өзүнүн өсүп-өнүгүү тарыхында ысымын жана жайгашкан ордун бир нече ирет өзгөрткөн. Алгачкы ирет музей Кыргызстандын Борбордук музейи деп аталган, 1933 жылдан баштап мамлекеттик край таануу музейи, 1943 жылдан  баштап Улуттук маданият музейи деп аталган. Ал эми 1954 жылдан баштап КССРнин  Мамлекеттик тарых Музейи деп аталган. 60-жылдарда музейге А.П.Зенковдун долбоору боюнча КССРнин Өкмөтү үчүн 1926-1928 жж. курулган  имараты берилген. 1991-жылдан баштап музей  1984 жылы «Киргизпрострой» институтунун коллективинин проектиси боюнча салынган имаратта жайгашат.

Азыркы учурда музейдин фондусунда 100 миӊден ашык музейлик мааниси бар буюмдар бар.Алардын ичинде дүйнөлүк мааниге ээ, бир нече жолу Францияда, Финляндияда,Японияда,Турцияда жана Россиянын Борбордук музейлеринде эл аралык көргөзмөлөрөрдө коюлган баа жеткис буюмдар бар.

E7901-Bishkek-museum-Lenin-carpet

Музейдин экспонаттарды жыйнап топтоо, сактоо, реставрациялоо (оӊдоп калыбына келтирүү) ,фондусун каталогдоштуру,илимий изилдөөлөрдү чыгаруу, жаны көргөзмөлөрдү даярдоо жана маданий-билим берүү ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын музей ишмердүүлүгүнүн илимий-методиколык (ыкма) борбору болуп эсептелет.

2016 жылы башталган музей имаратынын капиталдуу ремонтунан кийин, КР президентти А.Ш.Атамбаевдин демилгесинин негизинде түзүлгөн жаӊы жана замамбап дүйнөлүк стандартка жооп берген экспозиция музейдин тарыхында жаӊы барактарды ачты.Музей илимдин, маданияттын ири борборуна айланды. Эми музейде жөн гана келип кетүү эмес байыркы тарыхка сапар кылып- алгачкы адамдардын үнкүрүнө кирүү , Алтын кенчтерди жана сейрек кездешкен этнографиялык коллекцияларын көрүүгө, совет дооруна жана Эгемендүү Кыргызстанга таандык экспонаттар менен таанышууга жана көптөгөн маалымат алууга мүнкүн.